Орусиянын жардам конвоюу Украинага кирди

Чечимге Украина каршы чыкты

100823
Орусиянын жардам конвоюу Украинага кирди

Орус гуманитардык жардам конвоюу Москва менен Киев арасында 12 күндөн бери жүргүзүлүп жаткан жазышуулардан кийин Украина территорияларына кирди. Конвойдон алгачкы тройлерлер Луганск шаарына барды.
Киев башкаруусунун жардам темасына кош көңүл карганын жарыялаган Орусия конвойдун кирүүсүнө бир тараптуу чечим чыгарды. Чечимге Украина каршы чыкты.
Тышкы иштер министрлиги окуяны : «Украинага карай кол салуу» деп мүнөздөдү. Тройлерлердин өлкөгө киришине уруксат берилбегени, конвойдун чек ара эрежелерин бузуу менен өлкөгө киргени белгиленди. Киев болгондор тууралуу Москваны күнөөлөдү. Эл аралык коомчулукту Орусия федерациясынын мыйзам тышы кыймылдарын айыптоого чакырды. Гуманитардык жардам конвоюна Эл аралык Кызыл Крест комитети коштогон жок. Кызыл Крест Лугансктын дайыма бомбаланганын жана гарантияга алыша албагандыктан унааларды коштой алышпагандарын билдирди. Тройлерлерге жикчил топтордун коштогону билдирилди. Окуяга Европа Биримдиги каршы чыкты. Европа Биримдигинин тышкы иштери боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон конвойлордун ачыкча эреже бузуу экенин айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар