Израилдин Газага кол салуусу улантылууда...

Нетаньяху Израиль армиясынын операцияларын күчтөндүрөрүн билдирди

100745
Израилдин Газага кол салуусу улантылууда...

Израиль согуштук учактары бул жолу Ез – Зевайиде аймагын аткылады. Кол салууларда бир палестиналык аял каза болуп, 3 киши жараланды. Ушундайча Израилдин 7 – июлдан бери Газага карата жүргүзүп жаткан операциясында каза болгондордун саны 2 миңден ашып, 10 миңден ашуун жаралуу бар. Каза болгондордун 550дөн ашыгы палестиналык балдар. Ошол эле учурда Израиль менен Палестинанын ортосундагы ок атууну токтотуунун соңуна чыгуусунан кийин кайрадан башталган кол салууларда бир израилдик бала каза болду. Баланын каза болуусунан Хамастын жооптуу экенин белгилеген Израилдин премьер – министри Нетаньяху Израиль армиясынын операцияларын күчтөндүрөрүн билдирди.
Бир тараптан Израиль менен Палестинанын арасындагы ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кайрадан башталуусу күтүлүүдө. Палестина жана Израиль делегацияларынын Египеттин арачылыгында сүйлөшүү столуна кайрадан отурууга жашыл жарык жакканы билдирилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар