Египетте болгон митингде 35 киши камоого алынды

Соккуга каршылар Гизада өткөрүшкөн митингдерде аскердик соккуну жана кымбатчылыкты протест кылышты

100936
Египетте болгон митингде 35 киши камоого алынды

Соккуга каршылардан Египетте болгон митингдерде 35 киши камоого алынды. Египеттин көптөгөн шаарында соккуга каршы митингдер өткөрүлдү. Соккуну Четке кагуу жана мыйзамдуулукка колдоо үчүн улуттук биримдик кыймылынын митинг чакыруусуна бир топ шаардан көптөгөн киши катышты. Бирок коопсуздук күчтөрү митингге чыккандарга кийлигишти. Ички иштер министрлиги жасаган жазуу түрүндөгү маалыматында митингдерге катышкан 35 кишинин камоого алынганын айтты.
Көргөн күбөөлөрдөн алынган маалыматтарга караганда коопсуздук күчтөрү Каирдин чыгышындагы Айнуш – Шемс аймагындагы митингдерге көздөн жаш агызуучу газ бомбасы жана чыныгы ок менен кийлигишти. Окуяларда бир аял каза болду. Каирдин ар башка аймактарында өткөрүлгөн митингдерге катышкандар, болгон электр кризисине чечүүчү жол таба албаган азыркы учурдагы режимди кулатууга чакырды. Митингге чыккандар президент Абдулфеттах ес Сиси жана ички иштер министри Мухаммед Ибрахимдин соттолуусуна байланыштуу ураандар менен жүрүштү.
Соккуга каршылар Гизада өткөрүшкөн митингдерде аскердик соккуну жана кымбатчылыкты протест кылышты. Митингге чыккандар : «Биз калкпыз, биз мыйзамбыз. Рабианы унутпайбыз»,- деген ураандар менен жүрүшүп Палестинага да колдоо кабары берилди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар