Украинада каза болгондордун он бешинин сөөгү табылды

Украиналык жетекчилер кол салууну Орусия жактоочусу жикчилдердин жасаганын айтышууда

96233
Украинада каза болгондордун он бешинин сөөгү табылды

Украинада качкындар конвоюна жасалган кол салууларда каза болгондордун он бешинин сөөгү табылды.
АКШ кол салууну катуу тил менен айыптап кол салууну кимдин жасаганына байланыштуу азырынча так маалыматка ээ эмес экендерин белгиледи. Украинада бул жолу жарандарды ташыган унаалар бутага алынды. Катуу кагылышуулар болгон Луганск аймагынан чыгууну каалаган качкындардын конвоюна жасалган кол салууда ондогон киши каза болуп жана жаралуулардын бар экени билдирилди.
Кол салууда каза болгондордон он бешинин сөөгү табылды. Аймакта изилдөөлөр улантылууда. Украиналык жетекчилер кол салууну Орусия жактоочусу жикчилдердин жасаганын айтышууда. Бирок жикчилдер күнөөлөөнү кабыл албай жатат.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар