Украина кризисине саясий чечим табуу

Вальтер Штайнмайер Украинадагы кризиске саясий чечим табууну максатаган жолугушууларда «айрым жерлерде» жылышты камсыздагандарын жарыялады.

94534
Украина кризисине саясий чечим табуу

Германиянын тышкы иштер министри Вальтер Штайнмайер Украинадагы кризиске саясий чечим табууну максатаган жолугушууларда «айрым жерлерде» жылышты камсыздагандарын жарыялады.
Штайнмайер Берлинге экинчи ирет чакырган Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Украинанын тышкы иштер министри Павло Климкин жана Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус менен тышкы иштер министрилигинин конок үйү Вилла Борсигде жолугушту.
Жыйналыштан кийин массалык маалымат каражаттарынын мүчөлөрүнө маалымат берген Штайнмайер жолугушуунун абдан татаал өткөнүн билдирди. Немис министр: «Айрым темаларда жылыштарды камсыздыгыныбызга ишенүүдөмүн, муну үмүт кылуудамын»,-деп айтты.
Штайнмайер министрлер макулдаша алган темаларды мамлекет жана өкмөт башчылар менен карай тургандарын баса белгиледи, ал эми кеңири маалымат берген жок.
Дипломатиялык булактар жолугушуулардын уланып же уланбай турганынын бүгүн же шейшемби күнү тактала турганын билдирди.
Штайнмайер 2-июлда да Франция, Орусия жана Украинанын тышкы иштер министрлерин Берлинге чакырып, жолугушуудан кийин Украинада ок атпоонун камсыздалышы үчүн биргелешкен билдирүү жарыялаган. Билдирүүдө ок атууну токтотуу максаты менен сүйлөшүүлөрдүн башталышы, бардык барымтадагылардын эркин кое берилиши, Украина-Орусия чек арасында качып кирүүлөргө бөгөт коюлушу үчүн текшерүүлөрдүн арттырылышы жана журналисттердин коопсуздугунун камсыздалуусу чакырыгын таштап, бирок бул билдирүүлөрдүн көпчүлүгү аткарыла алган эмес.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар