АКШ Иракка дагы 130 аскер жөнөттү

Америкалык аскердик топ эл аралык жардамдардын йезиддерге жеткирилүүсүн координациялайт.

89123
АКШ Иракка дагы 130 аскер жөнөттү

АКШ Ирактагы аскерлеринин санын көбөйтүүдө.
АКШнын президенти Барак Обаманын буйругу менен аймакка дагы 130 аскер жөнөтүлдү.
Американын Коргоо министрлиги Пентагондун билдирүүсүндө, Ирактын түндүгүнө убактылуу түрдө кошумча 130 аскердин жиберилгени маалымдалды.
Кечээ эртең менен Эрбилге жеткен аскердик бөлүктүн кызматы, террордук уюм ИШИД коркунучунан кийин Синжар тоолорунда камалып калган ирактыктарга абадан ыргытылган тамак-аштар менен катар гуманитардык жардамдардын жеткирилүүсү үчүн альтернативалардын белгиленишин камсыздоо болуп саналат.
Пентагон, аскердик кызматкердин Деңиз командирлиги жана атайын операцияларга катышкан топтордон тандалганын билдирди.
Ирактагы кагылышууларга катышпай турган аскердик топ эл аралык жардамдардын йезиддерге жеткирилүүсүн координациялайт.
Пентагон ИШИД менен күрөшүү жана ыктымалдуу геноцидге бөгөт коюлушу максаты менен Иракка көрсөтүлө турган жардамдар үчүн ар түрдүү мүмкүнчүлүктөрдүн каралганын белгиледи.
Акыркы жөнөтүлгөн аскерлер менен бирге аймактагы Американын аскерлеринин саны 1 миңден ашты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар