Иранда учак кырсыкка учурады

Иранда акыркы 25 жылда 200 учак кырсыгы болду.

85704
Иранда учак кырсыкка учурады

Ирандын борбор шаары Тегеранда бир жүргүнчү учагы Мехрабат аэропортунан учкандан көп өтпөй жерге урунду.
Ирандын маалымат агенттиги 5си баладан турган 48 жүргүнчүдөн аман кутулган эч ким болбогонун жарыялады.
Сепахан аба жолдоруна таандык учактын Тебз шаарына барыш үчүн Тегерандагы аэропорттон учкандан көп өтпөй белгисиз себептер менен жерге урунду.
Тегеранга жакын жердеги аскер үй-бүлөлөрү жашаган Азади районуна түшкөнү жана учактагы 8 экипаж 48 кишиден эч ким аман кутула албаганы билдирилди.
Совет убагындагы жүргүнчү учагы Антонов-140тын мотору бузулганынын себебинен түшкөнү божомолдонууда. Ал эми кырсыкка эмне себепчи болгондугу тууралуу так маалыматтар учактын кара кутусу иликтенгенден кийин белгилүү болот.
Иранда акыркы 25 жылда 200 учак кырсыгы болду.
Ирандык жооптуулар учак кырсыгынын жооптуусу катары эл аралык санкцияларды көрсөтүүдө.
Санкциялардын себебинен Ирандын жаңы учак алуусуна чек коюлган.
Иранда дагы эле 1979-жылдагы Ислам төңкөрүшүнөн мурда Совет мезгилинде алынган учактар пайдаланылууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар