Израиль Газаны 50 жерден аткылады
Израиль армиясы 50 бутага кол салып, палестиналык топтор 75 ракета атты
Израиль армиясы 72 сааттык ок атууну токтотуунун соңуна чыгышынан бери Газадагы 50 бутага кол салып, палестиналык топтордун 75 ракета атканы билдирилди. Армиядан жасалган жазуу түрүндөгү маалыматта палестиналык топтордун ок атууну токтотуу бүткөндөн бери 75 ракета атканы жана бул ракеталардан бешөөсүнүн «Темир Купол» коргонуу системасы менен таасирсиз абалга алып келингени белгиленди. Палестина өкмөтүнүн саламаттыкты сактоо министрлигинин катчысы Эшреф Ел – Курда 7 – июлда башталган кол салууларда ушул күнгө чейин каза болгондордун санынын 1898ге жеткенин билдирген болчу.
Батыш Шериада 12 – июнда жоголуп кеткен 3 еврей отурукташуучунун 18 күндөн кийин сөөгүнүн табылуусунан кийин палестиналык жаш жигит Мухаммед Ебу Худайр 2 – июлда еврей отурукташуучулар тарабынан качырылып жана өрттөлгөн. Израиль окуялардан кийин 7 – июлда Газага абадан, 17 – июлда да кургактыктан кол салууга өттү. Палестиналыктардын каршы чыгуу кыймылдары менен Израилдин ортосунда өткөн шейшемби күнү түзүлгөн 72 сааттык убактылуу ок атууну токттуу кечээ саат 8 ден баштап соңуна чыкты.
Тектеш кабарлар
Кремль орус жарандарына Ливандан чыгып кетүүнү сунуштады
Песков Израилдин Ливанга кол салууларына байланыштуу журналисттерге билдирүү жасады.