Андерс Фог Расмуссен Петро Порошенко менен сүйлөштү

Расмуссен Орусияны чек арасындагы аскерлерин кайра чыгарууга чакырды

83737
Андерс Фог Расмуссен Петро Порошенко менен сүйлөштү

Украина жана Орусиянын ортосундагы араздашуу барган сайын күч алып НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен Киевде Украинанын президенти Петро Порошенко менен абдан маанилүү сүйлөшүү өткөрдү.
Порошенко сүйлөшүүдөн кийин жасаган билдирүүсүндө: «НАТО менен кызматташтыгыбыздын өнүгүүсү, реформалардын ийгиликтүү болуусу, коопсуздукка жана территориянын бүтүндүгүнүн сакталуусуна гарантия болот»,- деди. Расмуссен да ; «Демократиялык принциптер үчүн күрөштө Украинанын жанындабыз»,- деди. Расмуссен айрыкча : «НАТОнун Украина менен кызмтатташтыгынын абдан маанилүү экенин баса белгилеп, ар бир өлкөнүн өз келечеги тууралуу чечимди өзү чыгаруу укугуна ээ экенин»,- айтты. Расмуссен Украинаны кургактыктан басып алуу пландарынын болушу мүмкүн экени ойлонулган Орусияны чек арасындагы аскерлерин кайра чыгарууга чакырып : «Орусия тынчтыкты сактоону согушуу үчүн шылтоо катары колдонбошу керек»,- деди. Украинанын сентябрь айында болуусу пландалган НАТО саммитине катышууга чакырылганы билдирилди. Украина НАТОго мүчө болбогондуктан саммиттин негизинде башка жыйын өткөрүлөрү белгиленди. Сүйлөшүүнүн Украинанын аскердик күчүнө ар түрдүү кошумчаларды киргизүү үчүн өткөрүлгөнү билдирилди. Канада да Украинага аскердик материалдык жардам берерин белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар