Кытайда каза тапкандар көбөйүүдө

Каза болгондордун саны 410, жаралуулардын саны 2297 кишиге жеткени билдирилди.

80517
Кытайда каза тапкандар көбөйүүдө

Кытайдын түштүгүндөгү Юньан провинциясынын Каотонг шаарында жекшемби күнү болуп өткөн 6,5 баллдык жер титирөөдө каза болгондордун саны 410, жаралуулардын саны 2297 кишиге жеткени билдирилди. 12 кишиден дагы эле дайын жок.
Синхуа агенттигинин кабарына караганда жер титирөөдө миңдеген киши жаралуу абалда 230 миң киши аймактан чыгарылды. 11 миң полиция жана өрт өчүргүч кызматкери менен катар 7 миң аскер издөө куткаруу иштерин улантууда.
Кытай өкмөтүнүн издөө куткаруу иштери үчүн 97 миллион доллар бөлгөнү белгиленди.
Иликтөөлөрдү кылыш үчүн Катонг шаарына барган Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян жаңы жоготуулардын болбошу үчүн кыйраган үйлөрдө жашоосун уланткан адамдардын дароо чыгарылышы боюнча буйрук берди.
Ли айрыкча жоголгондордун изделиши жана кыйрандылардын астында калгандардын куткарылышы багытында чоң аракет жумшалышына чакырык таштап, «Акыркы мүнөткө чейин баш тартпайбыз»,-деп айтты.
Бир тараптан Юньанга коңшу провинция Гоучиде да жер титирөө тасирдүү болгону, 1500 үйдүн зыянга учураганы жана 7200 кишинин үйлөрүнөн чыгарылганы билдирилди.
Аймактагы Ниулан дарыясы бөгөлүп калганадыктан көлдүн суусу 67 метр жогорулап кетип 50 үй кулады.
Дарыянын жээгинде төмөн жерлерде жашаган 3 миң киши көчүрүлдү.
Аймакта таасирдүү болгон жамгырлардын 3 күнгө созула турганы белгиленди.
Кургактыктан барыла албаган аймактарга абадан жардамдар жеткирилүүдө.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар