Эбола жайылып баратат

Эболанын себебинен каза тапкандардын саны 887ге жетти.

80099
Эбола жайылып баратат


Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму Африканын батышында өлтүрүүчү эбола вирусунун айынан каза тапкандардын саны 887ге жеткенин билдирди.
Эбола вирусуна кабылгандардын саны эң көп болгон Сьерра-Леонеде ушул учурга чейин 273 киши каза болду, 646 киши ооруп калды.
Өкмөт бул жугуштуу оору жайылып кетпеши үчүн мектеп жана жумуш орундуктарына барууга тыюу салды.
Өлкөдө көчөлөр бош, ресторан, соода борборлору жабык.
Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери кыймылга өтүп сыртка чыккандарды кайра үйлөрүнө кайтарууда. Жарганаттын эти желбеши, тазалыктын сактылышы сунушталууда.
Сьерра-Леонеде 1-августтан бери бул ооруга каршы ар кандай чаралар көрүлүп жатат.
Президент Эрнест Бай Корома жарыясында оорунун өлкөгө коркунуч туудурганын белгилеп, элден үйлөрүнөн чыкпашын жана дуба кылышын талап кылды.
Либерияда да кээ бир жерлер карантинага алынып ал аймактарга аскерлер жөнөтүлүүдө. Сөөктөр аскерлер тарабынан дары чачылып көмүлүп жатат. Либериянын борбору Монровияда доктурлар эбола вирусун жугузуп албаш үчүн клиникаларды жаап салгандары айтылууда. Өлкөдө ушул учурга чейин 60тан ашуун доктур эбола вирусунан каза болду.

Нигерияда да эболага чалдыккандардын саны 9га жетти.
Бириккен Араб Эмирликтери Аба жолдору менен Африкадагы 2 авиакомпания кээ бир өлкөлөргө каттамдарын токтотту.
Италия, АКШ, Англия, Франция жана Германия өз жарандарын Сьерра-Леоне, Либерия жана Гвинеяга барбагыла деп эскертишти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар