Кол салган Израиль, өжөрдөнгөн Хамас...

Нетаньяху ракета атуусун улантып жаткан Хамасты оор чыгымга учурата турганы менен коркутту.

77844
Кол салган Израиль, өжөрдөнгөн Хамас...

Израиль Газада уурдалып кеткени божомолдонгон аскерлердин өлтүрүлгөнүн жарыялады.
Израиль жоголгон аскерлердин каза болгондордун арасында болуп же болбогонун белгилөө үчүн адистерден турган атайын топ түздү.
ДНК иликтөөлөрүнүн акырында израилдик бир аскердин Рефахка жакын жердеги туннелде Иззеттин аль-Кассам бригадаларынын жан кечтилик кол салуусунда каза болгону белгиленди.
Израиль армиясы аскердин үй-бүлөсүнө делегация жиберип аскердин Газада каза тапканын жарыялады.
Ушуну менен Израилдин Газага кол салууларында өздөрүнүн 64ү аскерден турган бардыгы 66 кишиси каза тапты.
Аскердин каза болгону белгилүү болгон соң Израиль кургактык бөлүктөрүнүн бир бөлүгүн Газадан чыгарып кетти. Премьер-министр Беньямин Нетаньяху Газадагы тоннелдердин бардыгы кыйратылганга чейин операция улана бере турганын билдирди.
Нетаньяху ракета атуусун улантып жаткан Хамасты оор чыгымга учурата турганы менен коркутту.
Израилдин бомбалоосу түнү менен жана эртең менен да улантылды. Кол салууларда эртең менен 11 палестиналык мерт кетти.
Израилдин бомбалоосунда каза болгон палетиналыктардын саны 1700дөн ашты.
Кыйрандылардын астындагы сөөктөрдүн чирий баштаганы, бомбалоонун айынан сөөктөр жай чыгарылып жаткандыгы маалымдалды.
Бириккен Улуттар Уюмунун жооптуулары бомбалоонун айынан Газада медициналык пункттардын жарымынын жабылганын, ачык ооруканалардын да муктаждыкка жооп бербегенине көңүл буруп, саламаттык сактоо системасынын кыйрап баратканы менен эскертти.
Газадан Израилге ракета атуулар уланууда.
Кечээ Израилге 62 ракета атылды, алтысы « темир купол» тарабынан асманда жок кылынды, экөө Тель-Авивге жакын жерге чейин жетти.
Палестина бийлиги Хамас жана Исламий Жихаттан өкүлдөр да орун алган бир делегацияны ок атууну токтотуу темасын сүйлөшүү үчүн Каирге жиберди.
АКШ да Каирге Жакынкы Чыгыш боюнча өкүлүн жиберүүдө.
Израиль Хамасты туруктуу ок атпоону бузгандыгы менен күнөөлөп, Каирге делегация жибербөө чечимин чыгарды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар