Израилдик аскер эркин койо берилүүсү керек

АКШнын президенти Барак Обама Газада жарандардын каза болуусуна бөгөт болуу үчүн дагы көп аракет кылынуусун суранды

77270
Израилдик аскер эркин койо берилүүсү керек


Ак үйдө маалымат жыйын өткөргөн Обама Газада күнөөсүз кишилердин коргоого алынуусу үчүн Израилдин мүмкүн болгон бардык нерсени аткарганын көрүүнү каалаганын айтты.
Эки Израиль аскеринин өлтүрүлүшү жана бирөөсүнүн качырылуусун айыптаганын эске салган Обама Хамастан ок атууну токтотууга олуттуу караган болсо, туткунга алынган аскерди дароо эркин кое берүүсүн суранды. Газада ок атууну токтотууну кайрадан ишке киргизүүнү каалашкандарын белгилеген АКШнын президенти мамлекеттик катчы Жон Керринин кыймылынан мактоо менен сөз кылды.
Обама аймакта кагылышуулардын токтошу жаңы турмушту куткаруу мүмкүнчүлүгү жараларын белгиледи. 11 – сентябрдгы кол салууларга да токтолгон Обама АКШнын өз нарктары менен кагылышуусуна карабастан жаңылыштыктарды жасаганын айтты. Обама 11 – сентябрдагы кол салуулардан кийин кызыл сызыктын бузулганын, адамдарга кыйноо жасалганын кабыл алды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар