Израилдин кол салуулары тыйыла элек

Израиль 24 күндөн бери Газага бомба жаадырууда.

75109
Израилдин кол салуулары тыйыла элек


Кечээ эң кандуу күндөрүнөн бирин өткөргөн Газа эртең менен жаңы кол салуулардын бутасы болду.
Израиль армиясынын Газа тилкесиндеги палестиналыктарга таандык отурукташкан бөлүктөрүн, талаа аянттарын жана бир мечитти бутага алган кол салууларда жаралангандар болгону билдирилди.
Израиль армиясы Хамастын башкаруу борборлорун, ракета аткычтарын жана ок дары сактаган жайларын бутага алгандарын жарыялады.
Акыркы 24 саатта бир базарга жана баш калкалоочу жай катары колдонушкан БУУга таандык мектепке кол салуу болуп, арасында аялдар жана балдар да болгон 129 киши каза таап, 460 киши жаракат алды.
Мектепке кол салууларды Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун катуу айыптады.
«Уктап жаткан балдарга кол салуудан дагы жаман уят кылуучу нерсе болбойт»,-деген Пан Ги Мун кол салуунун «Зөөкүрдүк жана түшүнүгү жок» экендигин айтты.
Бул окуялар боюнча Палестина башкаруучулугунун лидери Махмуд Аббас Газаны «апаат аянты» деп жарыялады.
Аббас БУУнун башкатчысы Пан Ги Мунга жиберген катында эл аралык коомчулуктан жоопкерчилигин милдеттенип, адамзаттык кризисти болуп жаткан Газада палестиналыктардын муктаждыктарынын жана коопсуздуктарынын камсыздалышы үчүн чакырык таштады.
Аббас айрыкча Газадагы кол салуулардан качкан баш калкалоочуларга коопсуз кала турчу жерлердин камсыздалышын, азык-зат, ичиле турган суу жана дары-дармек берилишин талап кылган.
Бул учурда ооруканаларда дарыланып жаткан 2 палетисналыктынын көз жумганы билдирилди. Ушундайча Израилдин Газага 7-июлдан бери уланып жаткан кол салууларында каза тапкан палестиналыктардын саны 1360тан ашты, 7 миң 600дөн ашуун киши да жаракат алды.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар