Доктурлар эл аралык коомчулукка кайрылды

Мадс Гилберт Израиль оор жаралаган жана өлтүргөн балдардын фотосүрөттөрүн көрсөттү.

75284
Доктурлар эл аралык коомчулукка кайрылды

Газадагы ооруканаларда иштеген, Израилдин кыргынына күбө болгон европалык жана араб доктурлар эл аралык коомчулуктун үн катпай турганына каршылык көрсөтүштү.
Батыш дүйнөсү көрмөксөнгө салган Газадагы Израиль кыргынына күбө болгон доктурлар Брюсселдин басма сөз клубунда өткөрүлгөн маалымат жыйынында Израилдин Газа кол салуусундагы согуш кылмыштарын документтери менен түшүндүрдү.
Араб жана европалык доктурлар кол салууларда Израилдин эч кандай айырмачылык кылбастан түздөн-түз Палестина калкы бутага алынганын белгилеп өттү.
Газадагы Шифа ооруканасында кызмат кылган норвегиялык доктур Мадс Гилберт Израиль оор жаралаган жана өлтүргөн балдардын фотосүрөттөрүн көрсөтүп «Булар террористпи?»-деп сурады.
Гилберттин айтымында ушул убакка дейре 1200дөн ашуун каза болгон санынын төрттөн бири жана 7 миңге жакындап калган жаралуулардан үчтөн бири балдардан турат.
Норвегиялык доктурга караганда бул кайгылуу окуяда Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху сыяктуу эле Бириккен Улуттар Уюмунун, АКШнын президенти Барак Обаманын жана Европа өлкөлөрүнүн да жоопкерчилиги бар.
Норвегиялык доктур, «Өмүрүмдө мынчалык кан көргөн эмесмин»,-деп айтып: «Израилдин геноцидин токтоткула»,-деген чакырык таштады.
Гилберт Израилге үн катпай турган дүйнөлүк лидерлерге болсо: «Палестиналыктардын кол салууларында израилдик балдар өлсө эмне кылат элеңер»,-деген суроону узатты.
Француз хирург проф. Кристоф Оберлин болсо Израилдин согуш кылмыштары боюнча жоопко тартылышы үчүн Гаагадагы Эл аралык Жаза сотунда жума күнү жасалган кайрылуунун күчтүү далилдерге таяндырылганын белгилеп, эл аралык коомчулуктан колдоо талап кылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар