Израилдин Газага карата кол салуулары токтобой жатат

Израиль армиясы Газанын бир гана электр станциясын жана ага электр берген күйүүчү май сактоочу жайын аткылады

74278
Израилдин Газага карата кол салуулары токтобой жатат

Израиль армиясынын Газанын Жебалия аймагына түн жарымында жасаган кол салуусунда 24 киши каза болду. Хан Юнус шаарындагы бомбалоодо бир эле үй – бүлөдөн 17 киши каза болду. Рефах шаарына жасалган кол салууда болсо бир топ үй кулады. Абадан кол салуулардан улам калк үйлөрүн таштап коопсуз аймактарга качууда. Израиль армиясы жарандар менен бирге аймакта гуманитардык жардам берген кызматкерлерди да бутага алды. БУУнун палестиналык качкындарга жардам мекемесине таандык бир унаа аткыланган кол салууда болсо эки киши каза болду.
Израиль армиясы Газанын бир гана электр станциясын жана ага электр берген күйүүчү май сактоочу жайын аткылады. Кол салуудан улам үйлөр, ооруканалар, мектептер электрсиз калды. Палестина саламаттыкты сактоо министрлиги Газанын бир топ аймагында кечээ жасалган кол салууларда каза болгондордун санын 128 деп билдирди. Ушундайча 7 – июлдан бери болуп келе жаткан кол салууларда каза болгондордун саны 1200дөн ашты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар