Түркмөндөр майрамга Эрбилдеги лагерде киришти

ТРТ группасы түркмөндөр жашаган лагерлерди зыярат кылды.

73721
Түркмөндөр майрамга Эрбилдеги лагерде киришти

ИШИДдын Мусул жана Телаферди колго алуусунан кийин жашаган жерлерин таштап кеткен түркмөндөр майрамга Эрбил жакындарында жайгашкан качкындар лагеринде киришти. Эрбилге 50 километр алыстыктагы БУУнун Жогорку Комиссарлыгы жана аймактык башкаруу тарабынан курулган Хазыри качкындар лагеринде адамзаттык трагедия болууда. ТРТ группасы бул Рамазан майрамында Мусул жана Телаферден качкан түркмөндөрдүн кыйын шарттарда жашап жаткан лагерди зыярат кылды. Чаң жана топурактын үстүнө курулган жана 750 чатырдан турган лагердин жашоочулары 50 градустук ысыкта жашоо үчүн күрөшүп жатышат. Чатыр лагерде бул жолу күткөн коноктору да ооз тийгизе турган эч нерселери жок. Бир топ жерде электр болбогон лагерде эң чоң маселе суу жана тамак – аш кыйынчылыгы.Таза сууга жетүү абдан кыйын болгон лагерде жугуштуу оорулар да бар. Таштандылар иреттүү түрдө чогултулбагандыктан, балдар ыңгайсыз шарттарда жашап жатышат. Бул шарттарда ооруган ондогон бөбөк күн сайын Эрбилде ар кандай ооруканаларда дарыланууда. Мындан бир жыл мурда үйлөрүнө майрамга абдан чоң кубаныч менен кирген түркмөндөрдүн үмүтү Түркиядан жибериле турган жардамдар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар