Газа бомбалоо астында

Ар түрдүү аймактарда улантылып жаткан бомбалоодо 20 киши каза болуп, 120 киши жараланды.

73651
Газа бомбалоо астында

Израиль армиясынын качкындар лагерлериндеги бир паркка жасаган кол салуусунда 10 бала каза болду. Ар түрдүү аймактарда улантылып жаткан бомбалоодо болсо 20 киши каза болуп, 120 киши жараланды.
7- июлдан бери каза болгон палестиналыктардын саны 1119га жетип, 6 миң 500дөн ашуун киши жараланды. Газа Рамазан майрамына Израиль армиясынын жасаган кол салуулары менен кирди. Газанын батышындагы Еш – Шати качкындар лагериндеги бир парк балдардын мазары болду. Израиль бомбалоосунда 10 бала каза болуп, көп сандаган киши жараланды.
Аймакка атылган бир ракета да Газанын эң чоң ооруканасы болгон Шифанын кире беришиндеги имаратка түштү. Израиль согуштук учактары Газанын батышындагы Ел – Акса телекөрсөтүү имаратын аткылады. Кол салууда имарат толугу менен кулап, тегеректеги үйлөр чыгымга учурады. Израиль армиясына таандык бир учкучсуз аба унаасы да Ел – Акса радио имратын бомбалады. Кол салуудан улам радионун уктуруулары токтоду.
Израиль мамлекеттик радиосу болсо Израилдин түштүгүндөгү Эшкол шаарына пулемет огунун түшүүсү менен 5 израилдиктин каза болгонун жарыялады. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун коопсуздук кеңешинин «чукул жана шартсыз адамзаттык ок атууну токтотуу» чакыруусун кайталады. Пан Ги Мун Израиль Хамастан «адамзаттык үчүн» соккуну токтотууларын суранды.
Телеконференция менен сүйлөшкөн АКШ, Германия, Франция, Англия жана Италиянын лидерлери Газада «дароо жана шартсыз» адамзаттык ок атууну токтотуунун түзүлүшү керек экенин билдирди. Израилдин премьер – министр Беньямин Нетаньяхунун билдирүүлөрү болсо ок атууну токтотуу үмүтүн үздү. Аймактагы операцияларды соңуна чыгарышпай тургандарын белгилеген Нетаньяху Израиль калкынан Газада узун убакытка созула турган согушка даяр болууларын суранды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар