Украинада абал

Луганск жана Донецкте 8 жаран каза болду

73240
Украинада абал

Украинанын чыгышында кагылышуулар кайрадан күч алды. Луганск жана Донецкте 8 жаран каза болду. Малайзия аба жолдорунун учагы  атып түшүлүргөн жерде да катуу кагылышуулар болууда. 

Украинада түшүрүлгөн Малайзия учагы тууралуу АКШ менен Орусиянын ортосунда бири бирине карата билдирүүлөр улантылып Американын тышкы иштер министрлиги Малайзия учагын атып түшүргөн ракеталардын Орусиядан атылганын көрсөткөн спутник көрүнүштөрүн жарыялады. 

Учак атып түшүрүлгөн аймакта да кагылышуулар күч алды. Ушул боюнча далил жана сөөк изилдөөсүн жүргүзө турган голландиялык жана австралиялык полиция тобу аймакка жасай турган сякатын токтотту. Голландиянын премьер - министри Марк Рутте учак түшкөн аймакка куралдуу аскер жиберилүүсүнө байланыштуу сунушту четке какты. Рутте жибериле турган аскерлердин аймакта орус жактоочусу куралдуу күчтөрдү аскердик үстөмдүктү түзүүсүнүн мүмкүн эмес экенин айтты. Ошол эле учурда АКШнын тышкы иштер министрлиги Украинанын чек ара аймагына жикчилдерге колдоо берүү максатында Орусиядан ракета атылганын жана пулемет атылганын көрсөткөн спутник фотографияларын жарыялады. Аймактагы кагылышуулар тууралуу Орусияга карата кысымдар болсо күч алды. Европа Биримдиги жана Г -7 өлкөлөрүнөн кийин Япония да Орусияга санкцияларды күчтөндүрөрүн жарыялады. 

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров : "Бардык бул кыйынчылыктарды жеңебиз ал түгүл бул экономикабызга да чагылат. Балким да бизге карата санкциялар ишенимибизди дагы да күчтөндүрөт",- деди. 

Өлкөнүн чыгышындагы кагылышуулар болсо ылдамдап баратат. Луганск жана Донецк шаарларындагы кагылышууларда 8 жаран каза болду. БУУнун апрель айынан бери Украинада 1129 кишинин каза болгону жана 100 миңден ашуун кишинин үйлөрүн таштап кеткенин жарыялады. Уюм айрыкча Малайзия учагынын атып түшүрүлүүсүнүн согуштук кылмыш болушу мүмкүн экенин да билдирди. 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар