Францияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды

Франциянын жарандарын ташыган учак Малиге жеткенде кырсыкка учураган.

72286
Францияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды

Франциянын презденти Франсуа Олланд, Буркина-Фасодон Алжирди көздөй учуп баратканда Малинин үстүндө түшүп кеткен учакта каза болгон фрнацуз жарандары үчүн 3 күндүк улуттук аза күтүү жарыялады.
Улуттук аза күтүү токтомуна ылайык француз желектери эртеңден баштап жарымга түшүрүлөт.
Олланд кечээ учак кырсыгында каза тапкан жарандардын үй-бүлөлөрүн кабыл алды. Жабык эшик артында өткөн кабыл алууга премьер-министр Мануэль Вальс менен катар бир канча министр да катышты.
Кабыл алууда кырсыктын себеби, кыйрандыны чогултуу иш-чаралары менен бирге сөөктөрдүн Францияга кайра алып келнүүсү темасында каза болгондордун жакындарына маалымат берилди.
Бир тараптан кырсыкка учураган учактын экинчи кара кутусу да кечээ табылганы билдирилди. Француз жооптуулар башка ыктымалдуулуктарды да толугу менен четке какпоо менен бирге жаман аба шарттарынын учактын түшүүсүндө таасирдүү болгонун ойлоодо.
Эң акыркы жолу Малинин Гао шаарынын үстүндө сигналы алынганын учакта, 7 испан экипажы жана 51 француз жараны болуп, бардыгы 119 киши орун алганы белгиленген.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар