«Жалгыз калсак да Израилди жактайбыз»

Марие Харф күнүмдүк басма сөз брифингинде суроолорго жооп берди

68987
«Жалгыз калсак да Израилди жактайбыз»

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Марие Харф : «Эл аралык жамаатта жалгыз калсак да Израилди жактайбыз»,- деди.
Марие Харф күнүмдүк басма сөз брифингинде БУУнун Адам Укуктары Кеңешинин Израилдин кол салууларына байланыштуу иликтөө комиссиясынын курулушу тууралуу чечимди жана АКШнын эмне себептен буга каршы добуш бергенине карата суроолорго жооп берди. Харф Адам Укуктары Кеңешинин кечээки атайын отурумунда күчтүү түрдө каршы чыгышкандарын жана бул жерде чыгарылган чечимди Израилге каршы кыймылдар сериясынын акыркы мисалы катары көрүшкөндөрүн айтты. Харф иликтөө комиссиясынын курулушуна бир тараптуу болгону үчүн каршы чыгышкандарын белгиледи. АКШнын чечимге каршы добуш берген бир гана өлкө экени эскертилүүсү менен Харф Европада 17 өлкөнүн да арсар добуш бергенин белгиледи. Харф : «Андан мурда да көптөгөн жолу кайталаганыбыздай ачык айта аламын, эл аралык жамаатта жалгыз калсак да Израилди жактайбыз»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар