Дагы бир  жүргүнчү учагы менен байланыш үзүлдү

Учак Буркина-Фасодон Алжирге бараткан.

69692
Дагы бир  жүргүнчү учагы менен байланыш үзүлдү

Алжир аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагы менен байланыш үзүлдү.
Учакта 110 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү бар экени белгиленди.
Алжир аба жолдоруна таандык учактын Буркина-Фасонун борбор шаары Уагадугудан Алжирге бара жатканы билдирилди.

Алжирдик бир жооптуу учак менен байланыштын Малиден өтүп баратканда курулганын сөз кылды. 

Буркина-Фасонун авиация жооптуулары болсо учак менен акыркы байланыштын учуп кеткенден болжол менен 2 саат 10 мүнөт өткөндөн кийин курулганын баяндашты. 

Жооптуулардын ар башка айтымдары болсо ар кандай суроолорду туудуруп жатат. 

Малилик жооптуулар, ал убактарда өлкөнүн түндүгүндө катуу шамал болуп жатканын билдиришти. 

Буркина-Фасонун транспорт министри, учак учуп кеткенден кыска мөөнөт өткөндөн кийин учкучтун шамалдын себебинен учактын багытын өзгөртүүнү талап кылганын айтты. 

Аймакка барган Франциянын эки согуштук учагынын байланыш үзүлгөн жүргүнчү учагынын жерин белгилеш үчүн аракет кылып жаткандары билдирилди. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар