Иракта кол салуу

Кол салууда бир эне менен үч баласынын бар экени белгиленди.

67278
Иракта кол салуу

Иракта сокку окуялары улантылууда. Ирак аба күчтөрүнүн Багдаттын түндүгүндөгү Хавиже поселогунда жасалган абадан кол салууда 10 киши каза болду. Каза болгондордун арасында бир эне менен үч баласынын да бар экени белгиленди. Аймакта Ирак Дамаск Ислам Мамлекети террордук уюмунун террористтери менен сунни урууларынын кагылышканы белгиленди. Багдатта болсо бири биринин артынан жарылуулар болду. 

Ирак Дамаск Ислам Мамлекети уюмунун террористтери тарабынан он минуталык убакыт менен болгон үч башка кол салууда тогуз киши каза болуп, жыйырмадан ашуун киши жараланды. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар