Израиль Газага бомба жаадыруусун улантууда

Израиль армиясынын Шужаиййе мааласындагы кыргынынын чыгымы барган сайын өсүүдө.

65638
Израиль Газага бомба жаадыруусун улантууда

Ар кайсы аймактарга кол салуулар болуп кеминде 7 киши каза тапты. Кол салууларда каза тапкандардын жалпы саны 500гө жетти.
Израиль армиясынын Шужаиййе мааласындагы кыргынынын чыгымы барган сайын өсүүдө.
Кыргында каза болгон дагы 12 палестиналыктын сөөгүнө жетилди. Ушундайча Шужаиййеда каза болгондордун саны 72ге жетти.
Израилдин согуштук учактары Газаны бомбалоосун тынымсыз улантууда.
Согуштук учактардын Газанын түштүгүндөгү Хан Юнус шаарына жүргүзгөн операцияда бутага алынган үйдүн урандысынан 4ү бала 5 кишинин сөөгү чыгарылды.
Рефах шаарынын чыгышы замбирекчи бөлүктөрдүн тынымсыз бомбалоосуна дуушар болду.
Ал кол салууларда да каза тапкан жана жарадар болгондор бар экендиги билдирилүүдө.
Ал-Муграка аймагында болгон абадан кол салууларда 2 киши каза тапты.
Чоң кыргын болгон Шужаиййеде болсо каза болгон 12 палестиналыктын да сөөгүнө жетилди.
Тез жардам топтору жана Кызылайдын кызматкерлери, өлүктөрдүн толугуна жетилбегенин, жаралууларга да жардам алып барылбаганы үчүн каза болгондордун саны арта турганынан санааркап жатышат.
Кол салуулардын себебинен тез жардам унаалары аймакка кире албай турушат.
Бир тараптан Израиль армиядан бир аскердин Хамас тарабынан туткунга алынганы жөнүндөгү кабардын чындыкка жатпагандыгын сөз кылды.
Израилдин Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси, «Качырылган эч бир израилдик аскер жок. Бул айтылгандар чындыкка жатпайт»,-деди.
Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Израилдин аскерлери үчүн капа болгондорун сөз кылган маалымат жыйынында, «Баштаган кызматты бүтүрөбүз»-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар