Барак Обама Путин менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү

Орусия так кадамдарды таштабаган учурунда санкциялар уланат

133547
Барак Обама Путин менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү

АКШнын президенти Барак Обама Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.
Эки лидер Украина менен Орусияга каршы киргизилген санкциялар тууралуу сүйлөшүштү.
Ак үйдүн жарыясында Обаманын Путинге Украинадагы жикчил күчтөрдүн Орусия тарабынан оор куралдар менен камсыздалганы темасында далилдер бар экенин айтканы билдирилди.
Обаманын орус кесиптешине өлкөдөгү чыңалуунун токтотулуусу үчүн так кадамдардын ташталбаганы үчүн кошумча санкциялардын киригизилгенин белгиледи.
Жарыяда Амерканын президентинин, Украина чек арасындагы орус күчтөрүнүн санынын көбөйтүлгөндүгүнө тынчсызданганын сөз кылганы баяндалды.
Обаманын Путинден ок атуунун токтотулуусу үчүн жикчилдерге каршы кысым көрсөтүшүн, сүйлөшүү үчүн белгиленген жол картасына колдоо көрсөтүшүн жана Украинага курал-жарак жөнөтүүсүн токтотушун талап кылганы белгиленди.
Барак Обама Орусиянын так кадамдарды таштабаган учурунда санкциялардын улана турганын айтып эскертти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар