Сириянын химиялык заттары Англия портунда

Сирияга таандык 200 тонналык химиялык заттар Англиянын түштүгүнө алып барылды

131887
Сириянын химиялык заттары Англия портунда

Англиянын коргоо министрлиги Сирияга таандык 200 тонналык химиялык заттардын Гэмпширдеги Марквуд портуна алып келингенин билдирди. Химиялык заттардын өлкөдөгү химиялык заттар ташталган комплекстеринде коопсуз түрдө жок кылынары белгиленди.
Даниянын кемеси Арк Футура тарабынан Марквуд портуна Химиялык Куралдарга Тыюу салуу Уюмунун жетекчилеринин көзөмөлүндө алып келинген химиялык заттар өлкөнүн түндүк батышындагы Чешир аймагына алып барылып жок кылынуусу күтүлүүдө.
Бириккен Королдук Сирияга таандык 150 тонналык химиялык запас менен 50 тонналык химиялык заттарды жок кылаарын билдирген болчу. Сириянын өлкө тышында жок кылынуусуна чечим чыгарылган химиялык куралдар толугу менен өткөн айда өлкө тышына чыгарылган болчу. Химиялык заттарды ташуу жана жардырууда Англия менен Дания, Норвегия, Италия, Финландия, Германия, АКШ, Орусия жана Кытай сыяктуу өлкөлөр да роль ойноодо.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар