Обама Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Обама менен Си Цзиньпин аймактык жана дүйнөлүк маселелерди карашты.

130578
 Обама Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөштү

АКШнын президенти Барак Обама Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Ак үйдүн билдирүүсүнө ылайык бул сүйлөшүүдө эки тараптуу, аймактык жана дүйнөлүк маселелер каралды.
9-10-июлда Пекинде өткөрүлгөн АКШ-Кытай Стратегиялык жана экономикалык диалог жыйынына басым жасаган Обама, АКШ менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыктын өнүктүрүлүүсүнө болгон ынтызардуулугун кайрадан тастыктады.
Ушул алкакта эки лидер Иран менен жүрүп жаткан атомдук сүйлөшүүлөрдө жана биргелешкен кыймыл планынын ишке ашырылуусунда АКШ-Кытай кызматташтыгын улантуу зарылдыгын айтышты.
Обама Ирандын атомдук программасынын жалгыз гана тынчтыкчыл максаттуу экенине байланыштуу эл аралык коомчулукка ишеним берүүчү кадамдарды ташташы керектигин баса белгиледи. Обама Түндүк Кореянын атомдук куралсыздануу убадаларын орундатуусун камсыздоо үчүн Кытай менен байланыш жана координацияны арттыруу зарылдыгын да баса белгиледи.
АКШнын президенти Обама ноябрь айында Пекинде өтө турган Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык жыйынында Си Цзинпинь менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын сөз кылды.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар