АКШ менен Катардын арасында аскердик келишим...
Катар АКШдан тик учар жана коргонуу системаларын сатып алат
129762
Түзүлгөн келишимге караганда Катар 11 миллиард долларлык тик учар жана ракеталык коргонуу системасын сатып алат. Пентагондон берилген маалыматта АКШнын коргоо министри Чак Хейглдын катардык кесиптешинин сунуш катын кабыл алганы белгиленди. Эки өлкөнүн 11 миллиард долларлык аскердик келишимге кол койгону жарыяланды. Ушунун алкагында Катардын АКШдан «Апачи» тик учары, «Патриот» жана «Жевелин» коргоо системасын сатып алары белгиленди. Билдирүүдө көп маалымат берилбестен келишимдин эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштарды дагы да бекемдегени белгиленди.
Тектеш кабарлар
Израиль күчтөрү Батыш Шериада зулумдугун улантууда
Израиль аскерлери жүргүзгөн рейддерде 1 палестиналык өлтүрүлүп, көп сандаган палестиналык жараланды.