Орусиянын аба мейкиндигине байкоо жүргүзүлөт

Түрк жана америкалык адистердин 14-июлдан 18-июлга чейин Орусиянын аба мейкиндигинде байкоо салуу максатында уча тургандары билдирилди.

129203
Орусиянын аба мейкиндигине байкоо жүргүзүлөт


Орусиянын Атомдук коркунучтарды азайтуу боюнча улуттук борборунун билдирүүсүндө, Түркия-Америка орток миссиясынын кызматкерлеринин түрк учагы CASA менен көзөмөлдөө учуусун ишке ашыра тургандары баяндалды.
Бул учуунун Эл аралык Аба мейкиндиктери келишиминин алкагында ишке ашырыла турганы белгиленди.
1992-жылы кол коюлган Аба мейкиндиктери келишими тарап болгон мамлекеттердин бири-бирилеринин жерлеринде чектөө коюлбастан көз салуу максатында учууларына мүмкүнчүлүк берүүдө.
Бул келишимде Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) карамагындагы 34 өлкөнүн кол тамгасы бар жана Түркия да ушул өлкөлөрдүн арасында орун алууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар