Израиль Газага деңизден кирүүгө камынууда

Израилдин Газага кол салуусунда каза тапкандардын саны 163, жаракат алгандардын саны 1085 кишиге жетти.

127402
Израиль Газага деңизден кирүүгө камынууда

Израиль Газаны абадан жана деңизден аткылоосун улантууда.
Израилдин Газага кол салуусунда каза тапкандардын саны 163, жаракат алгандардын саны 1085 кишиге жетти.
Израилдин деңиз күчтөрүнө караштуу атайын бир командасынын түндүк жээктеринен Газага кирүүгө аракет кылганы жана буга каршы турган Иззеттин аль-Кассам бригадасы менен айыгышкан салгылашуу болуп жаткандыгы билдирилди.
Деңизден кирүү операцияларына Израилдин чабуул катерлери менен тик учарларынын да кошулганы баса белгиленди.
Көргөн күбөлөр деңизден басып алууга каршы туруштук берген палестиналыктарды оор куралдар, ракета жана снаряддар менен аткылап жатышкандарын айтса, палестиналык согушкерлердин Израилдин деңиз десанттарына жеңил куралдар, миномет жана РПГ куралдары менен жооп кайтарып жатышкандарын билдиришти.
Газадагы коопсуздук кызматкерлеринен бири, жээк тилкесиндеги атышуу болуп жаткан аймактын үстүндө Израилдин 20дан ашуун учкучсуз учуучу унаасы учуп жүргөнүн билдирди.
Иззеддин аль-Кассам бригадаларынын да Израилдин борбор калаасы Тель-Авивге J80 ракетасын атканы белгиленди.
Согуштун жетинчи күнүндө Израиль абадан жана деңизден жүргүзгөн операцияларына, кургактык кыймылын да кошууга камынууда.
Бул үчүн эң оболу Түндүк Газадагы үйлөрдүн бошотулушун талап кылды.
Чарасыз калк БУУга таандык мектеп жана имараттарга баш калкалай баштады.
Аймактагы бир топ үй кол салуулардын бутасына айланды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар