Газа көптөгөн күндөрдөн бери Израиль тарабынан бомбаланууда

Согуштук учактар миңден ашуун бутаны аткылады.

126724
Газа көптөгөн күндөрдөн бери Израиль тарабынан бомбаланууда

Каза болгон палестиналыктардын саны жүздөн ашып, ооруканалар жаралуулар менен толуп ташты.
Каза болгондордун көпчүлүгүнүн аялдар менен балдар экенине көңүлдөрдү бурган БУУнун Адам Укуктарынын Жогорку комиссары Нави Пиллэй эл аралык укуктун бузулганын айтты.
Дары – дармектердин жоктугу жана оорукана генераторлору үчүн керектүү болгон күйүүчү май кыйынчылыгынан улам Газадагы саламаттыкты сактоо системасы оор абалда.
Израиль армиясы кургактыктагы операциясын баштоо үчүн күтүп жатат. Миңдеген запастагы аскер кызматка чакырылды. Израилдин премьер – министри Беньямин Нетаньяху азырынча «Газага киргиле» буйругун бере элек. Бирок Газанын толугу менен басылып алынуусу да Израилде талкууланган маселе. Газада чукул абал жарыялаган БУУмунун палестиналык качкындарга жардам берүү уюму Израилдин эл аралык укукту тебелегенине көңүлдөрдү бурууда. Бир тараптан Батыш Шерианын Бейтүллахим шаарында палестиналык митингчилер Израилдин аймакта улантылып жаткан камоого алууларды жана Газадагы бомбалоосун айыптоо үчүн көчөлөргө чыгышты.
Израилдик аскерлер чыккан кагылышууларда кээ бир кишилерди камоого алды жана көп сандаган жаралуу бар.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар