Түркия Нигериядагы кол салууну айыптады

Түркиянын тышкы иштер министрлиги түрк жарандары Элчилик тарабынан байкалып жаткандыгын билдирди.

109097
Түркия Нигериядагы кол салууну айыптады

Тышкы иштер министрлиги Нигерияда болгон бомба жардырууну айыптады.
Тышкы иштер министрлигинин жарыясында: “Нигериянын борбор шаары Абуджада 25-июнда соода борборунда болгон жана алгачкы белгилөөлөргө каранда 100гө жакын киши каза тапкан, арасында түрк жарандары да болгон көп сандаган киши жаракат алган бомбалуу кол салууну капа болуп уктук. Ооруканага жактырылган жаралуу атуулдарыбыздын абалы Абуджадагы элчилигибиз тарабынан жакындан байкалууда. Өзгөчө жаран калк жыш орун алган аймакты бутага алган кол салууларды катуу айыптайбыз жана Нигерия өкмөтүнө террорго каршы күрөштө ар түрдүү колдоону көрсөтүүгө даяр болгонубузду кайталайбыз”,-деп айтылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар