Путин Аббас менен жолугушту

Жолугушууда эки өлкө карым – катнаштары менен бирге аймактык жана глобалдык маселелер каралды

107900
Путин Аббас менен жолугушту

Орусиянын президенти Владимир Путин расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Москвага барган Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен кечээ жолугушту.
Кремлдин басма сөз борборунан жасалган жазуу түрүндөгү маалыматка караганда жолугушууда эки өлкө карым – катнаштары менен бирге аймактык жана глобалдык маселелер каралды. Жолугушууда Путин Жакынкы Чыгыштагы абалга басым жасап : «Аймакта абал тилекке каршы жакшырбай жатат. Сиз менен бул жерде жолугушуп абал тууралуу сүйлөшүп жана нормалдашууга карата кадам таштоо мүмкүнчүлүгүн табуудан абдан ыраазымын»,- деди.
Аббас болсо сүйлөшүүнүн өздөрү үчүн абдан маанилүү экенин баса белгилеп : «Сиздин да айтканыңыздай аймакта ар эки өлкөнү да кызыктырган маселелер бар, бирок биз Орусия менен болгон эки тараптуу карым - катнаштар менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө алдыңкылык берүүдөбүз»,- деди. Аббас Путин менен сүйлөшкөндөн мурда премьер – министр Дмитрий Медведев менен жолугушту.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар