Обама Путин менен сүйлөштү
Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнст эки лидердин Украинадагы абалдарды сүйлөшкөндөрүн билдирди.
АКШнын президенти Барак Обама Орусиянын президенти Владимир Путиин менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.
Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнст эки лидердин Украинадагы абалдарды сүйлөшкөндөрүн билдирди. Обаманын Путинден Украинанын чыгышындагы тынчтык процессин дагы бир жолу колдоосун өтүнгөнүн билдирген Эрнст, чек арадан курал жана аскердик шаймандардын өтүшүнө уруксат берилбешин талап кылгандыгын белгилеп өттү.
Катчы Обаманын кесиптешине жикчилдерге камсыздалып жаткан колдоонун Украинаны ыраатсыздаштырганы боюнча эскертүүсүн айтканын жарыялады.
Кризистин чечилиши үчүн дипломатиялык альтернативанын дагы эле бар экендигин түшүндүргөн Эрнст, чыңалууну басаңдатуучу так кадамдар ташталбаган учурунда Орусиянын кошумча чыгымдарга туш боло турганын кошумчалады.
Тектеш кабарлар
Израилдин акыркы 24 саатта жасаган колс алуусунда 44 палестиналык каза болду
Израиль 20 - сентябрь жума күнү эртең менен Газа тилкесине көптөгөн абадан кол салууларды жасады.