Жоопкерчилик Ирак өкмөтүнө таандык

Хошяр Зебари Түркиянын Мусулдагы башкы консулдугуна болгон кол салуу боюнча жоопкерчилик Ирак өкмөтүнө таандык экенин айтты.

99843
Жоопкерчилик Ирак өкмөтүнө таандык

Ирактын тышкы иштер министри Хошяр Зебари, Түркиянын Мусулдагы башкы консулдугуна болгон кол салуу боюнча жоопкерчилик Ирак өкмөтүнө таандык экенин айтты.
Зебари кечээ Ислам Кызматташтык Уюмунун министрлер чогулушун утурлай, журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Зебари Түркиянын Мусулдагы башкы консулдугуна жана кызматкерлерине байланышкан суроого “ Ооба, өлкөнүн ээси катары жоопкерчилик бизге таандык болчу. Коопсуздук ичинде болуулары жана тезирээк үй-бүлөлөрүнө кайтып баруулары үчүн мүмкүн болгон бардык ишти жасайбыз”,- деп жооп берди.
Зебари өлкөдө пайда болгон абалдан улам, Ирактагы түрк жарандарын этият болууга чакырды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар