Меркел жана Олланд Путин менен байланышты

Меркел Путинге тик учактын атылганын угуп "үрөйү учканын" билдирди.

95433
Меркел жана Олланд Путин менен байланышты

Германиянын канцлери Ангела Меркел жана Франциянын президенти Франсуа Олланд биргелеше Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу байланышып сүйлөшкөндөрү билдирилди.
Немец өкмөт катчысы Жорж Страйтер маалымдагандай Меркелдин Путинге Украинада түшүрүлгөн аскердик учакта каза болгондордун себебинен «үрөйү учканын» сөз кылганы, ушул себептен Украинанын президенти Петр Порошенконун ок атпоо чакырыгы абдан маанилүү болгонун белгилегени билдирилди.
Эки лидер жолугушууда айрыкча Путинден ок атпоонун көпкө созулушу жана Орусиядан Украинага кирген курал жана согушкерлерге бөгөт коюлушу үчүн, Орусиянын Украина чек арасын олуттуу түрдө текшерүүсүн талап кылгандары сөз кылынды.
Страйтер билдирүүсүндө Олланд жана Меркелдин Путиндин Украинанын президенти болуп шайланган Петр Порошенкону таануусун ыраазы болуп кабыл алгандарын белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар