АКШ учак конуучу кемесин Араб булуңуна жөнөттү

Аймактагы америкалыктарды жана Ирактын кызыкчылыгын коргош үчүн аскердик альтернативаларга кайрылуу максатталганы билдирилди.

95504
АКШ учак конуучу кемесин Араб булуңуна жөнөттү


Вашингтон Ирак темасында алгачкы так кадамын таштады.
Американын коргоо министрлиги бир даана учак конуучу кемесинин Араб булуңуна жиберилгенин жарыялады.
Пентагондун маалымдагагындай Американын коргоо министри Чак Хейгелдин бир учак конуучу кемесинин Араб булуңуна барышы үчүн буйрук бергени билдирилди.
Президент Обаманын бекитүүсү менен жолго түшкөн согуш кемеси менен аймактагы америкалыктарды жана Ирактын кызыкчылыгын коргош үчүн аскердик альтернативаларга кайрылуу максатталганы билдирилди.
Учак конуучу кемени жол тартуусунда ракета дүрмөттөлгөн согуштук кеме коштоп бара турганы белгиленди.
Учак конуучу кеме көптөн бери Жакынкы Чыгыш аймагына жакын деңиздерде изилдөө турун жүргүзүп жаткан болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар