Калининградда аскердик машыгуу

Орусия аскери Польша менен Литванын ортосундагы Калининград аймагында деңиз жана аба күчтөрү катышкан аскердик машыгуу өткөрүүдө

89758
Калининградда аскердик машыгуу

Орусия акери Орусияга таандык бирок  Польша менен Литванын ортосунда калган Калининград аймагында деңиз жана аба күчтөрү катышкан аскердик машыгуу өткөрүүдө. Орусиянын коргоо министрлигинен жасалган билдирүүдө : "Орусиянын Калининград аймагында Балтика деңиз флоту менен Орусия аба күчтөрү бөлүктөрүнүн катышуусу менен аскердик машыгуу башталды. Машыгуу Европада башталган эл аралык Saber Strike-2014 жана Baltops-2014  машыгуулары менен бирдей убакта өткөрүлүүсү керек",- деп айтылды. 

Деңиз жана аба бөлүктөрүнүн машыгуунун негизинде өздөрүнө берилген милдетти орундатары белгиленген билдирүүдө : "Машыгууга катышуу НАТОнун чек ара машыгууларындагы персонел, курал жана аскердик курал - жарак менен салыштырыла ала турганчалык деңгээлде",- деген сөздөр орун алды. 

Польша жана Литванын арасында Балтика жээгинде орун алган Калининград Орусияга таандык бирок Орусия федерациясынын территориялары менен чеги жок. НАТО да Балтика жээгинде аскердик машыгууларды баштаган болчу. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар