Ирандын президенти Рухани Түркияга келет

Бул сапар 18 жылдык мөөнөттөн кийин аткарылып жаткандыгынан абдан маанилүү болуп эсептелет.

87192
Ирандын президенти Рухани Түркияга келет

Ирандын президенти Рухани Түркияга расмий сапар менен келет.
Бул сапар 18 жылдык мөөнөттөн кийин аткарылып жаткандыгынан абдан маанилүү болуп эсептелет.
Ирандын президенти Хасан рухани президент Абдуллах Гүлдүн чакыруусу менен эртең Анкара расмий сапар жасайт.
Руханинин күн тартибинде Сирия кризиси, Египет, Паленстинадагы абал менен Ирандын атомдук программасы сыяктуу орчундуу дипломатиялык темалар бар.
Биргелешкен соода көлөмүнүн 30 миллиапрд долларга жеткирилиши, жаратылыш газ соодасында баалардын белгилениши, аймактык соода-сатыкта кызматташтык сыяктуу экономикага байланыштуу темалар да бар.
Рухани Түркияда мамлекеттин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрөт.
Премьер-министр Эрдоган менен жолугушуусунан кийин Рухани жана Эрдогандын жетекчилигинде Стратегиялык кызматташтыктын башкы кеңешинин жыйыны өткөрүлөт. Ушул алкакта Түркия менен Ирандын ортосунда бир топ тармакта келишимдерге кол коюлат.
Алгачкы жыйналышын өткөрө турган Стратегиялык кызматташтыктын башкы кеңешинин түзүлгөндүгүнө байланыштуу орток билдирүүгө премьер-министр Эрдогандын январь айында Тегеранга жасаган сапарында кол коюлган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар