Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

Сүйлөшүүлөр 16-июнда башталат.

83702
Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик менен Ирандын ортосундагы атомдук сүйлөшүүлөр уланууда.
Агенттик санкциялардын жеңилдетилиши үчүн Ирандын ядролук курал өндүрүүгө байланыштуу бардык шек саноолорду жоюусу керектигин билдирди.
Иран менен Атом энергия боюнча эл аралык агенттик 2013-жылдын 24-ноябрында Женевада түзүлгөн убактылуу келишимдин алкагында сүйлөшүүлөрдү Венада улантышты.
Сүйлөшүүлөрдө санкциялардын жоюлуусу үчүн Ирандан ядролук куралдарды өндүрүүдөн баш тартканын көрсөткөн так кадамдарды ташташы жана ушул багыттагы шек саноолорду жок кылышы талап кылынган.
АКШ да туруктуу келишим менен гана санкциялардын жоюлушу мүмкүн экенин белгиледи.
5+1 өлкөлөрү ушул алкакта Ирандын ядролук курал өндүрүүсүндө колдонула турган оор суу менен иштеген  реакторлорду жабышын, жаңы реакторлорду салышын жана уран байытуу иштерин токтотушун талап кылышууда.
Иран болсо убактылуу келешимге ылайык уран байытууга жана реактор салууга укуктуу экенин алдыга коюуда.
Сүйлөшүүлөр 16-июнда токтогон жерден улантылат.
Тараптар июль айына чейин кеңири жана туруктуу келишимдин түзүлүүсү үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар