Израиль Палестинадагы жаңы өкмөт менен сүйлөшүүнү каалабайт

Израиль макулдашылган өкмөт менен сүйлөшүү өткөрбөй турганын жарыялады.

81527
Израиль Палестинадагы жаңы өкмөт менен сүйлөшүүнү каалабайт


Израиль өкмөтү Палестинада макулдашуу жолу аркылуу түзүлгөн жаңы өкмөт менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзбөө чечимине келди.
Премьер-министрликтин катчысы Офир Гендельман жазуу түрүндөгү жарыясында Палестинада 23-апрелде Хамас менен Аль Фатихтин ортосунда жетишилген макулдашуунун алкагында түзүлгөн өкмөттүн тынчтык процессин коркунучка салганы баса белгиленди.
Палестинада түзүлгөн макулдашуу өкмөтүнүн Рамаллахтагы министрлери ант берди. Рами аль-Хамдаллах жетектеген кабинетте орун алган газалык 5 министрден 4ү болсо Израиль өткөрбөй койгондуктан аземге катыша алган жок.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар