Обама Европа сапарын баштайт

4 күнгө созула турган Европа турунда башкы күн тартип берене Украина жана жетиштүү кадамдарды таштабаган Орусия болот.

80368
Обама Европа сапарын баштайт

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти барак Обама өткөн аптада кыскача баяндап кеткен тышкы саясатынан кийин алгачкы чет өлкөгө сапарын баштоодо.
4 күнгө созула турган Европа турунда башкы күн тартип берене Украина жана жетиштүү кадамдарды таштабаган Орусия болот.
Обама, НАТОго мүчө өлкө Польшада Украинанын жаңы шайланган президенти Петр Порошенко менен шаршемби күнү жолугат.
Өз алдынча жолугушууда шайлоолордон кийин өлкөнүн экономикалык жана конституциялык реформа процессин карап чыгышат.
Ушул алкакта Украинанын чыгышында уланып жаткан зомбулуктар, чек арада дагы эле күттрүрүлүп турган орус аскерлери да каралат.
Америкалык жооптуулар акыркы күндөрдө Москва жылыш көрсөтсө дагы чыңалуунун басаңдашы үчүн жетиштүү кадамдарды ташатабаганы көз карашында...
Ушул максат менен Обама, европалык кесиптештеринен Путин башкаруучулугунун үстүндөгү кысымдардын күчөтүлүшүн, жаңы жана дагы күчтүү санкциялардын күн тартипке коюлушун талап кылат.
Ал эми Европа өлкөлөрүнүн Орусия менен соода-сатык байланышы боюнча жаңы чараларды көрүү үчүн Обамадан суранышмакчы.
Обаманын экинчи аялдамасы Бельгия болот.
Дүйнөнүн өнүккөн 7 өлкөсүн өкүлдүк кылган G-7 жыйынына катышат.
Лидерлер Европа өлкөлөрүнүн Орусияга энергетика көз карандылыгын азайта турган альтернативаларды карашат.
Бул жыйналыш Украина мамилесинин себебинен Орусиянын бойкот кылынып чыгарылып салган алгачкы G-7 жыйыны болот.
Американын президенти андан соң Францияга өтөт.
Нормандия чабуулунун 70 жылдык иш-чараларына катышат.
Бул жерде Орусиянын президенти Путин, Крым жана Украина кризисинен кийин алгач ирет Обама жана европалык лидерлер менен беттешет.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар