Грецияда шайлоо өттү

Үч аймакта түрк талапкерлер жарышты алдыда бүтүрүштү.

74095
Грецияда шайлоо өттү

Грецияда кечээ жергиликтүү шайлоолордун экинчи туру менен Европа Парламентинин шайлоолору өткөрүлдү.
Көпчүлүгү саналып бүткөн үкөк жыйынтыктарына караганда Европа Парламентинин шайлоолору башкы оппозициядагы солчул шериктештик партиясы СИРИЗАнын жеңиши менен жыйынтыкталды.
Батыш Фракияда түрк азчылыктын өкүлү Достук, Теңдик жана Тынчтык партиясы, Европа Парламентинин шайлоолорунда Родоп жана Искечеде жарышты алдыда алып баратат.
Жергиликтүү шайлоолордо болсо Жаңы демократия партиясы алдыда баратат.
Үч аймакта түрк талапкерлер жарышты алдыда бүтүрүштү.
Козлукебир муниципалитетинде Рыдван Ахмет, Мустафчова муниципалитетинде Жемил Кабза шаар башчысы болуп шайланды.
Йассыкөйдө да грециялык атаандашы Кирякос Амукасты артка калтырган Исмет Кады кайрадан шаар башчысы болду. Жыйынтык чыккан соң Йассыкөйдөгүлөр кубанышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар