Луганск жана Донецктеги референдумдун жыйынтыгы...

Донецкте добуш бергендердин 89 пайызы, Луганскта добуш бергендердин 96 пайызы эгемендик укугу тууралуу суроого «макул» дешти.

66270
Луганск жана Донецктеги референдумдун жыйынтыгы...

Украинанын чыгышындагы Луганск жана Донецк областтарында көз карандысыздык туурасында өткөрүлгөн референдумда элдин көпчүлүгү макул добушун берди.
Орусиячылдар өткөргөн референдумду Украина бийлиги жана батыш өлкөлөрү тааныган жок.
Расмий эмес жыйынтыктарга карасак, Донецкте добуш бергендердин 89 пайызы, Луганскта добуш бергендердин 96 пайызы эгемендик укугу тууралуу суроого «макул» деген добуш беришти.
Референдумга катышуу катнашынын 70 пайызга жеткени билдирилди. Көз карандысыздык жарыясына каршы чыккандардын көпчүлүгү добуш берүүгө барбоого чечим чыгарышты.
Референдумда аймактын жалпысында жекече окуялар болуп турду.
Красноармейск шаарында куралчан кишилер Украинанын улуттук гвардиячылары экендиктерин айтышып муниципалитеттин имаратынын алдында күтүп тургандарга ок атты. Окуяда кеминде 2 киши каза тапты.
«Макул» добушу чыкканына карабастан, референдумду өткөргөндөр аймактын эгемендигин жарыялоо, Орусияга кошулуу же болбосо федералдык түзүлүшкө айландырылышы шарты менен Украинада калууга кийинчерээк чечим чыгара тургандарын белгилешкен.
Мындан мурда референдумдун кечеңдетилиши чакырыгын салган Орусиянын президенти Владимир Путин азырынча бул жыйынтыкка байланыштуу ачыктоо жасай элек.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар