Корона вирусунун себебинен каза тапкандардын саны 142ге жетти

66325
Корона вирусунун себебинен каза тапкандардын саны 142ге жетти

Сауд Арабстанда корона вирусунун себебинен каза тапкандардын саны 142ге жетти.
Сауд Арабстанда дем алуу жолдору оорусунун бир түрү болгон корона вирусуна чалдыккандардан үч кишинин каза болгону билдирилди.
Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө акыркы 24 сааттын ичинде мурда корона вирусуна кабылган үч кишинин каза болгону жана дагы 3 кишинин бул вирусту жугузуп алганы белгиленди.
Билдирүүдө 2012-жылдан бери өлкөнүн жалпысында корона вирусуна чалдыккандын саны 483кө, каза болгондордун саны болсо 142ге жеткени баяндалды.
Дем алуу жолдору оорусунун бир түрү болгон корона вирусу алгач 2012-жылдын сентябрь айында аныкталган болчу.
Сауд Арабстан менен катар Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүн коркуткан корона вирусу, өпкө жана бөйрөктөргө зыян тийгизүүдө. Иммунитетти начарлаткан бул вирустун көпкө созулган жакындоо менен жугушу мүмкүн экени белгиленүүдө.
Булагы туурасында жетиштүү маалымат табылбаган бул вируска каршы азырынча коргоочу вакцина же антибиотик жок.
Саламаттык сактоо министри Адил Факир ушул вируска байланыштуу төөлөрдөн алыс тургула деп эскертип, төөнүн этин жана сүтүн жакшы бышырып жешин талап кылган болчу.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар