Азербайжан маанилүү байланыш линияларын көзөмөлгө алды
Армения армиясынын курал-жарактары, ок-дары жана күйүүчү май кампалары жок кылынып, армян күчтөрүнүн айрым багыттардан чегингени кабарланды.
Азербайжан армиясынын өз жерлерин сактап калуу үчүн баштаган операцияларынын уланып жатканы маалымдалды.
Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, операциялардын түнү бою Агдере, Хожавенд, Физули, Хадрут жана Губадли багыттарында ар кандай тыгыздыкта улантылгандыгы белгиленди.
Азербайжан армиясынын коргонуу тилкесин замбирек жана миномет менен аткылаган армян күчтөрүнө каршы ок атылып Хожавенд, Физули жана Губадли багыттарында алардын оор жоготууларга учуратылганы белгиленди.
Армения армиясынын курал-жарактары, ок-дары жана күйүүчү май кампалары жок кылынып, армян күчтөрүнүн айрым багыттардан чегингени кабарланды.
Азербайжан армиясынын армян армиясынын бир нече колдоо пункттарын талкалап, маанилүү байланыш линияларын көзөмөлгө алгандыгы жана негизги дөбөлөрдү оккупациядан бошоткону маалымдалды.
Кагылышуулар фронттун баарында уланып, кырдаалдын Азербайжан армиясынын көзөмөлүндө экендиги айтылды.
Тектеш кабарлар
Жапаров менен Алиев Хыдырлыда Кыргызстан кура турган мектептин пайдубалын түптөштү
Илхам Алиев менен мурдагы күнү борбор шаар Бакуда жолуккан Садыр Жапаров кечээ Физулиге барды.