Азербайжан армиясы негизги аянт жана дөңсөөлөрдү бошотту

Азербайжан армиясынын жерлерин бошотуу үчүн баштаган операциялары улантылууда.

1514505
Азербайжан армиясы негизги аянт жана дөңсөөлөрдү бошотту

 Азербайжан армиясынын жерлерин бошотуу үчүн баштаган операциялары улантылууда.

Азербайжан коргоо министрлигинен берилген маалыматта түнү менен Агдере, Фузули, Хадрут, Жебраил жана Губадлы аймактарында операциялардын улантылып жаткандыгы билдирилди.

Азербайжан армиясынын коргонуу линиясына артиллериялык ок аткан Армения күчтөрүнүн Фузули, Жебраил жана Губадлы багытындагы позицияларына сокку урулду.

Бул багытта Азербайжан маанилүү аянт жана дөңсөөлөрдө көзөмөлдү колго алды.

Маалыматта бардык фронт боюнча Армениянын аскердик булак жана инфраструктурасын чоң чыгымга учуратылгандыгы, Армения күчтөрүнүн курал  - жарак, ок  - дары менен тамак  - аш кыйынчылыгын тартып жаткандыгы билдирилди.

Өзгөчө бардык фронт боюнча кагылышуулардын улантылып жаткандыгы, абалдын Азербайжан армиясынын көзөмөлүндө экендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар