Фидан эртең Катарга барат
Министрлик жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.
2128155
Тышкы иштер министри Хакан Фидан эртең Катарга барат.
Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Хакан Фидандын Катардын премьер-министри жана тышкы иштер министри шейх Мухаммед бин Абдуррахман Аль Тани менен жолугаары белгиленип: «Жолугушууда эки тараптуу карым-катнаштар менен бирге Палестинадагы абал жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашылат»,-деп айтылды.