Байрактар: "Сакария газ кенинде күнүмдүк өндүрүш 4,5 миллион куб метрге жетти"

Министр Байрактар ​​Стамбулдагы Ибн Халдун университети тарабынан уюштурулган «Энергетика жана жаратылыш ресурстары перспективасынан Түркия кылымына көз караш» аттуу программада сөз сүйлөдү.

2133418
Байрактар: "Сакария газ кенинде күнүмдүк өндүрүш 4,5 миллион куб метрге жетти"

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар, ​​Сакария газ кенинде күнүнө 4,5 миллион метр куб газ өндүрүлүп жатканын билдирди.

Министр Байрактар ​​Стамбулдагы Ибн Халдун университети тарабынан уюштурулган «Энергетика жана жаратылыш ресурстары перспективасынан Түркия кылымына көз караш» аттуу программада сөз сүйлөдү.

Түркиянын энергетикалык көрүнүшүнө токтолгон Байрактар, ​​түрк экономикасы өскөн сайын энергияга болгон суроо-талаптын да өскөнүн, энергетикада тышкы көз карандылыкты азайтуу аракетинин ылдам уланып жатканын айтты.

Байрактар ​​2016-жылы иштелип чыккан Улуттук энергетика жана тоо-кен саясатынын алкагында 4 кемелик флот менен иш-аракеттердин башталганын эске салып: «2020-жылы Сакария газ кенинде тарыхый ачылыш жасадык. Бүгүнкү күнгө карата күнүмдүк жаратылыш газын өндүрүү 4,5 миллион куб метрге жетти. Бул 1,8 миллион үйдүн жаратылыш газына болгон муктаждыгы Сакария газ кенинен камсыздалат дегенди билдирет» деп айтты.

​​Кара деңизде жаратылыш газынын табылышынан дароо кийин Шырнактын Габар тоо аймагында чоң мунай запасы табылганын маалымдаган Байрактар: «Бүгүнкү күндө Габар күнүнө 40 миң баррель өндүрөт. Бул сан 100 миңге чейин өсөт. Ушундайча 2025-жылы Түркия мунайга болгон муктаждыгынын 20 пайызын өз булактарынан камсыздайт»,- деди.



Тектеш кабарлар