Түркия-Грузия-Азербайжандын ортосундагы бажы жыйыны...

Түркиянын Тбилиси элчилигинин билдирүүсүндө, Грузиянын борбор шаары Тбилисиде өткөрүлгөн Бажы маселелери боюнча үч тараптуу комитеттин жыйынына Түркиянын соода министринин орун басары Сезай Учармак жана аны коштогон делегация катышканы белгиленди.

2140138
Түркия-Грузия-Азербайжандын ортосундагы бажы жыйыны...

Түркия, Грузия жана Азербайжандын ортосунда өткөрүлгөн жолугушууда бажы жана аймактык соодага байланыштуу түрдүү маселелер каралды.

Түркиянын Тбилиси элчилигинин билдирүүсүндө, Грузиянын борбор шаары Тбилисиде өткөрүлгөн Бажы маселелери боюнча үч тараптуу комитеттин жыйынына Түркиянын соода министринин орун басары Сезай Учармак жана аны коштогон делегация катышканы белгиленди.

Билдирүүдө үч өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн түрдүү кеңешмелерди өткөргөнү жана Азербайжандын Грузия менен Нахчыванга ачылган бажы эшиктеринен өтүүнү жеңилдетүү үчүн кызматташтыкты өнүктүрүү темасынын сүйлөшүлгөнү белгиленди.

Билдирүүдө, «Баку-Тбилиси-Карс темир жолунун эффективдүүлүгүн камсыз кылуу жана бажы процедураларын жеңилдетүү үчүн электрондук маалымат алмашуу талкууланган жыйындын алкагында аймактык соода жана транзиттик потенциалды жогорулатуу боюнча сүйлөшүүлөр болду»,делди.

Билдирүүдө үч өлкөнүн ортосунда бажы тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү максатында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлгөнү, Учармактын Түркиянын Тбилиси элчилигинде түрк ишкерлери менен да жолугушканы белгиленди.



Тектеш кабарлар